http://ktrk.kg/Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

17 Сент , 9:37 160

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев курал колдонуунун кесепетинен Кыргызстандын бир чек ара кызматкери каза тапканы, чек арадагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарап буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды катуу карманат жана чек ара маселелерин кароодо конструктивдүү мамилелерди колдойт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен жүзөгө ашырылышы керек. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган премьер-министр, өз ара ишеним, буга чейин жетишилген макулдашууларды милдеттүү түрдө аткаруу жана эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынган шартта гана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө жетишсе болоорун белгиледи.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.

Премьер-министр ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине чек ара окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.



Новости по дате