http://ktrk.kg/“Түндүк” тутумунун жардамы менен калкты тейлөө жеңилдеди

“Түндүк” тутумунун жардамы менен калкты тейлөө жеңилдеди

20 Сент , 14:37 88

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн аптада калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө 46 миңден ашуун маалыматтар электрондук түрдө алмашылган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады. Ал мамлекеттик органдардын бирдиктүү “Түндүк” тутумунун жардамы менен калкты тейлөө жеңилдегенин билдирди. Эми министрликтин жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү өзүнчө талданып, натыйжа көрсөтө албаган жетекчилерге чара көрүлөт.

“Бул деген 46 711 адам буту менен ошол органдарга басып барып, акча төлөбөстөн электрондук негизде кызмат ала алышты деген сөз. Ар бир райондук башкармалыктар кандай маалымат базасын иштетип жатканына мониторинг жүргүзүлөт. Маселен 9 миңи Базар-Коргон району тарабынан жасалган. Ал эми Бишкетин жанындагы Сокулукта бир жумада 5-6 справка эле берилген”,- деди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров.

Новости по дате