http://ktrk.kg/Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

20 Сент , 15:59 50

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 20-сентябрда Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев, тиешелүү мекеме ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Саибжан Турдуев мамлекеттик тил күнү өзгөчө майрам экенин белгилеп, ар бир кыргыз жаранын мамлекттик тилди өнүктүрүүгө чакырды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече кызматкерлерге мэриянын ардак грамоталары жана баалуу белектери ыйгарылды. 

 Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын артисттеринин, окуу жайлардын чыгармачыл топторунун коштоосунда сахналаштырылган көрүнүштөр, концерттик программа менен коштолду.

Ошондой эле, катышуучуларга мамлекеттик тил күнүнө арналган атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Новости по дате