http://ktrk.kg/Ала-Тоо 3 конушу: жер тилкесин алдап саткан шылуундар

Ала-Тоо 3 конушу: жер тилкесин алдап саткан шылуундар

20 Сент , 16:43 38

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 3 конушунда тактала элек жер тилкелерин бир нече адамдарга, бир нече жолу сатып жиберген жарандар тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. 

Видеодо көрүп турган, Ормокова Талимбүбү деген айым өзүнө таандык эмес жерди бизге алдап сатып жиберген. Ал эми бул жер бир канча жолу сатылган. Талимбүбү, Ася, Кымбат атту айымдар ушундай жол менен элди алдап иштеп келишет. Эми бул жерде жер талашып бири-бири менен урушкандар көп. Биз дагы ошол шылуундардын курмандыгы болгонбуз.Тиешелүү органдардын баарына кайрылдык тыянак жок. Сокулук райондук ички иштер кызматкерлери андай иштерди белгисиз бир себептерден улам карабай атышат. Көпчүлүктүн айтуусу боюнча милиция кызматкерлери өзүлөрү ал кылмышкерлерди калкалашат экен. Ал аялдардын кесепетинен сыздагандар көп. Сокулук райондук милициясына биз бир канча жолу кайрылдык. Ал жакта Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө мыйзам иштебейт экен тилеке каршы. Ал эми алдангандардын эркиндикте жүрүшү чоң күмөн жаратат. Бул нерсе деген коррупция болуп саналат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате