http://ktrk.kg/Өкмөт башчы жол кыймылын жөнгө салуу чаралар көрүүнү тапшырды

Өкмөт башчы жол кыймылын жөнгө салуу чаралар көрүүнү тапшырды

20 Сент , 17:05 89

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэриясына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырды. 

Премьер-министрдин айтымында, унаа айдоочулар жана шаардыктар үчүн жол иштерине байланыштуу ыңгайсыздыктарды азайтуу зарыл. Мындай маселелерди создуктурууга жол бербөө керек жана зарыл шартта шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзел. Мындай чараларды курулуш иштерин баштаганга чейин ойлонуу кажет. Өкмөт башчы белгилегендей, борбор шаардын көчөлөрүнүн көп бөлүгүндө кыймылдын жыштыгы бүгүнкү күнү алардын өткөрүү жөндөмүнө дал келбейт. Ошону менен бирге оңдоо иштерин жүргүзүү жол кыймылына түз таасирин тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келет. 

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген күндөн тартып, борбордо бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумду камсыздоо керектигин баса белгилеп келет. Долбоор ишке киргизилгенден кийин жол инфратүзүмүн өркүндөтүү жана жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалды. 

Муну менен бирге компетенттүү органдар шаардыктардын пикирин эске алууга аракеттенишет жана өз иштерин дайыма тууралап турушат. Премьер-министр жол агымы жыш учурда убакытты үнөмдүү пайдалануу үчүн светофордук жөнгө салууну талдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Новости по дате