http://ktrk.kg/Мамлекеттик тил макамына 30 жыл

Мамлекеттик тил макамына 30 жыл

23 Сент , 21:51 187

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул датага арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ экенин баса белгиледи. Жыйын кыргыз тилине атайын макам берген 30 жыл, бул аралыктагы жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер тууралуу ой толгоолорго бай болду.

Мындан туура 30 жыл мурун, 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине эң жогорку мамлекеттик тил макамы берилип, ал мыйзам менен бекитилген. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети кабыл алган бул документ кийинки кадам- эгемендик алууга, ошол кезде элдин духун көтөрүүгө чоң өбөлгө болгон. Андыктан мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышын адистер Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң чоң окуялардын бири болгонун белгилешет. Акыркы 30 жылда эне тилди өнүктүрүү процесси бирде жогорулап бирде басаңдап жүрүп отуруп, белгилүү бир жыйынтыктарга жетишкенибиз менен алдыда жасай турган жумуштар дагы деле арбын.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл толушу менен куттуктады. 30 жыл илгери эне тилге өзгөчө макамды кайрадан алып берүү оңой олтоң иш болгон эмес. Президент мындай кадамды ишке ашырууга салым кошкондорду өзгөчө белгиледи. Ошондуктан эне тилди, ата-бабалар бизге калтырган ыйык аманатты урпактарга жеткирүү азыркы муундун негизги милдети. Өлкө башчысы мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ экенин айтат. Алдыда эне тилди сактап калуу гана эмес, өнүгүп, өстүрүү милдети турат.

Буга чейин 2014-20-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Бирок анын жыйынтыгы- алдыда аткарыла турган иштердин дагы да арбын экенин көрсөттү. мамлекеттик мекемелер иш кагаздарын 60 пайызын гана кыргыз тилинде жүргүзүшөт. Айрым министрлик ведомстволордун арасында расмий тилди 90 пайызга чейин колдонгондор бар. Президент кыргыз тилине карата коомчулуктун кайдыгер мамилесин сынга алды. 






Новости по дате