http://ktrk.kg/Айдоочулардын айыптарын төмөндөтүү жөнүндө мыйзам өкмөткө жөнөтүлдү

Айдоочулардын айыптарын төмөндөтүү жөнүндө мыйзам өкмөткө жөнөтүлдү

24 Сент , 17:40 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Айрым жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. 

Ички иштер министрлигинин  маалыматында, министрлер кабинети сунушталган документти колдоого алса, анда 3 миң сомдук айыптар 1 миң сомго түшүрүлөт. 

Алар жол белгилерине жана чийиндерине баш ийбөө, аялдама эрежелерин бузуу, аралыкты сактабай коюу, стоп-чийинден ашып кетүү сыяктуу бузууларга тиешелүү. 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда айдоочулардан түшкөн арыздар жана сунуштар эске алынды.

Новости по дате