http://ktrk.kg/Малахов моралдык жоопкерчилик тартабы?

Малахов моралдык жоопкерчилик тартабы?

27 Сент , 10:44 86

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Прямой эфир» көрсөтүүсүндө айткандары үчүн Андрей Малаходун кечирим суроосун Кыргызстандыктар талап кылууда. Анын орунсуз сөздөрүнө карата Россиянын Кыргызстандагы элчилиги үн катты. 

«Биздин баатыр - Малахов эмес. Бир адамды таарынтып алуу оңой, бирок бул ой менен өмүр сүрүү кыйын. Мындан да жаманы - бүтүн бир улутка акаарат келтирүү...» - деп жазылат, социалдык тармактагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн баракчасында.

Андрей Малаховго байланышканыбызда телефону өчүк болуп чыкты. Анын кесиптештерине чалсак, кайра өздөрү чаларын айтып, кайра байланышка чыксак, “кийинки көрсөтүү жаздырылып жатат”- деп, жооп беришкен жок. Белгилей кетсек, Маруговдор бул программага алгач ирет чыгып жаткан жок. Буга чейинки көрсөтүүдө олигархтын аялы менен ажырашуусуна байланышкан чыр чагылдырылган.


Новости по дате