http://ktrk.kg/Сот тутумун реформалоо мамлекет артыкчылык берген эң негизги багыттардын бири

Сот тутумун реформалоо мамлекет артыкчылык берген эң негизги багыттардын бири

29 Сент , 22:21 90

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара кылды как жарган калыстык сот системасында болбой келет, сот органдары элдин ишениминен кетти, паракорчулук, өзүм билемдик терең өкүм сүргөн система деп буга чейин эл оозунда кеңири айтылып келди. Ал турсун бир канча ирээт реформага басым коюу менен эл алдында сот бийлигинин өкүлдөрүн тандоо сыяктуу аракеттер болуп келгендиги чындык. Анткени бүтүндөй системага көлөкө түшүрүп, “бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи Сот органдарынын бетине көө жапкан зыянкечтер чыга калып жатканы жашыруун эмес. 

Жума ичинде мамлекет башчысы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алып, сот реформасын тездетүү багытындагы көрүлүп жаткан аракеттерден кабар алды. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы реформаны тездетүү зарылдыгын жана андагы тоскоол болуп жаткан 8 маселени ачыктап берди. Учурдун олуттуу маселеси сот системасын санариптештирүү, сот процесстеринин ачык-айкын, калыс өтүшүн камсыз кылуу сыяктуу орчундуу маселелер жолугушууда такталды.



Новости по дате