http://ktrk.kg/Bellator 228: Эй Джей Макки 8 секундада жеңишке жетти

Bellator 228: Эй Джей Макки 8 секундада жеңишке жетти

1 Окт , 11:03 341

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Американын Инглвуд шаарында аралаш мушташ боюнча мелдеште тарыхта экинчи жолу тез нокаут менен америкалык Эй Джей Макки жеңишке жетишти. Жарым жеңил салмакта америкалык мушкер Георгий Караханян менен беттешкен. Турнирдин 8-секундасында Макки Караханянды нокаут кылып, уруп жатканда токтотууга туура келген. 

Ошентип, Макки эң бат нокаут жасагандардын тизмесин толуктады. Буга чейин бул сыймыкка Майк Кимбл жалгыз ээлик кылып келген. Ал Алекс Поттс менен болгон мелдеште 6-секундда жеңишти камсыздаган. 24 жаштагы Макки үчүн бул жеңиш 15-чи болуп саналат. Ал эми 34 жаштагы Караханян 38 турнирдин ичинен 10-жолу жеңилип отурат.


Новости по дате