
Бүгүн улгайган адамдардын күнү белгиленүүдө
1 Окт , 11:49
185
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Бүгүн Кыргызстанда улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Бул күнгө байланыштуу чечим БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1990-жылы декабрда кабыл алынган.
Алгач карылар күнү Европада, кийин Америкада, 90-жылдардын аягында дүйнө жүзүндө белгиленип келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун көңүлүн улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алардын муктаждыктарына бурдуруу, ошондой эле, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү болуп саналат.