http://ktrk.kg/Ишкананы сатып алуудагы коррупциялык иштер аныкталды

Ишкананы сатып алуудагы коррупциялык иштер аныкталды

2 Окт , 15:02 76

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунан 5 миллион доллар оффшордук компаниялар аркылуу мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады. 

Мекеменин маалыматына таянсак 2014-жылы аэропорттун кызмат адамдары айрым тараптар менен алдын ала сүйлөшүп алып, банкрот болгон ишкананы өтө кымбат баада сатып алуу келишимине кол коюлган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кудуретсиз абалга кептелген ишкананын чыныгы баасы ал учурда 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болгон деп эсептейт. Эске салсак, 2014-жылы ""Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомун учурда абакта жаткан Албек Ибраимов жетектеген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө жетекчи кызматкер кызмат абалын кыянат пайдаланып, кылмыштуу келишим түзгөнү аныкталды. Ишти иликтөөнүн алкагында 30-сентябрда ““Манас” эл аралык аэропорту” акционердик коомунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Буга башка адамдардын да катыштыгы териштирилип жатат”,- деди Анастасия Пискур Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы.

Новости по дате