http://ktrk.kg/Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен көчөт отургузду

Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен көчөт отургузду

2 Окт , 16:22 144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экологиялык акциянын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен бирге Бишкектин түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" эс алуу багынын аймагына бир нече көчөт отургузду. Өкмөт башчы жыл сайын кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүп жатканын белгиледи.

«Экология маселелери ар дайым өкмөттүн ишинде артыкчылыкка ээ. Биз шаарда жаңы парктарды жана сейил бактарды ачып, бак-дарактарды отургузууга тийишпиз. Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев, Премьер-министр.

Новости по дате