http://ktrk.kg/Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган Самат Курманкулов сүйлөп калды

Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган Самат Курманкулов сүйлөп калды

2 Окт , 17:13 135

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алып, дарылануу үчүн Москвага жөнөтүлгөн Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдиргендигин "Спутник" маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, Курманкулов өз алдынча дем алып, сүйлөп калган.

"Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Анын жанында келинчеги менен агасы бар. Курманкуловдун жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз. Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан иштеп кетүүгө кыйын болот. Балким, жетекчиликтин чечими менен өтө оор эмес кызмат берилип калышы мүмкүн", — деди Метеров.

Ал ошондой эле Кой-Таш окуясында жабыркаган дагы бир жоокер учурда дарыланып жатканын айтты. Укук коргоо органдарынын ушул эки өкүлүнөн башкасы үйлөрүнө чыкканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Новости по дате