http://ktrk.kg/Калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

3 Окт , 15:38 57

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси, айрыкча аймактарда курч болуп турганын белгиледи.

Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча жылдан-жылга суунун кору азаюуда, буга байланыштуу аны үнөмдүү колдонууну камсыз кылуу керек.

Белгилей кетсек, учурда АРИС тарабынан суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу, социалдык инфратүзүм, жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багыттары боюнча иштер аткарылууда.

Учурда агенттик жалпы суммасы 205 млн. доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырып жатат.

Новости по дате