http://ktrk.kg/Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдыгына карата илимий жыйын өттү

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдыгына карата илимий жыйын өттү

4 Окт , 16:44 287

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Белгилүү журналист, публицист, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин 60 жашка чыкты. Мааракеге арналып Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өттү. Ага Кыргызстандын окумуштуу-илимпоздору, белгилүү тарыхчылары менен катар Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген кыргыз таануучулары, тарыхчы, түрколог, тилчи-окумуштуулар катышты.

Кыргызстандын эгемен мамлекет болушуна, демократия орноп, сөз эркиндигинин орношуна аракет кылган өрнөктүү инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Замандаштары аны белгилүү тарыхчы, көрүнүктүү журналист, эркин изилдөөчү, публицист, көп кырдуу инсан, коомдук ишмер жана мыкты адам катары терең баалап урматташат. Тажрыйбалуу, кесипкөй инсанды куттуктап, Борбор Азиянын Казакстан,Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрүнөн атактуу окумуштуу- илимпоздор келишкен.

“Кыргыз тарых коомунун ” жетекчиси, КРнын 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Тынчтыкбек Чоротегинге Кыргызстандын жети дубанындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери, тарыхчылары тарабынан жылуу сөздөр айтылды. Ал И.Арабаев атындагы КМУнин жана Нарындагы жогорку окуу жайдын “Ардактуу профессору” болду.

Тарыхчы, түрколог, тилчи-окумуштуулары катышкан “Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйында Тынчтыкбек Чоротегиндин Борбордук Азия тарыхы, кыргыз тарыхы, чыгыш таануу көйгөйлөрүн изилдөөгө кошкон салымы, илимий-жамааттык изилдөөлөрү, кыргызстандагы соңку 30 жылдагы демократиялык жүрүмгө жигердүү катышуусу, “Азаттык” менен “Би-Би-Сидеги” журналисттик ишмердиги тууралуу кеңири сөз болду. Ошондой эле чыгыш таануу, түркология жана кыргыз таануу көйгөлөрүн мындан ары да биргелешип иликтөө чакырыгы камтылган резолюция кабыл алынды. 


Новости по дате