http://ktrk.kg/Мугалим - мөмөлүү дарак

Мугалим - мөмөлүү дарак

4 Окт , 16:17 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт билим берүү тармагын жакшыртууга бардык аракеттерди көрөт. Мугалимдердин майрамын утурлап уюштурулган салтанаттуу иш-чарада ардактуу кесиптин ээлери даңазаланып, айрымдарына сыйлык тапшырылды. Агартуучуларда көйгөй, түйшүк көп. Аткаруу бийлиги аларды жеңилдетүүгө кам көрөт. Маселен майрам алдында төрт жүз мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалаары кабарланды.

Жети дубан менен Бишкек, Ош шаары биригип ар аймактан тогуз агартуучу “Жылдын мыкты мугалими” наамына ээ болгон. Майрамды утурлап аларга сыйлык тапшырылды. Жыйырма беш жаштагы Баяс Төлөгөнов мыкты аталган мугалимдердин катарында жалгыз мырза. Англис тил мугалими залкар акын Алыкул Осмоновдун кичи мекени Каптал арык айылында эмгенип жатат. Англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн келечек ээси бир канча кызматка чакырууларга карабай мугалимдик кесипти гана аркалоону туура көргөн.

Бүткүл дүйнөлүк мугалимдердин күнү 5-октябрда белгиленет. Майрамды утурлап уюштурулган салтанатта президенттин куттуктоосу окулду. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн өлкөдө мектеп, бала бакча тартыштыгын жоюуга аракет көрүлүүдө. Майрамдын алдында мугалимдердин маянасын 30 пайызга жогорулатуу тууралуу токтом да чыкты. Ага ылайык 120 миң кызматкердин эмгек акысы көбөйөт. Билимдүү муунду тарбиялоо аткаруу бийлигинин алдыга койгон негизги максаты.

Агартуучулардын кесиптик майрамынын алдында дагы бир жагымдуу жаңылык. Билим берүү тармагында эмгектенген төрт жүз кызматкердин көзүнө акысыз операция жасалат. Мындан ары мугалимдердин эмгеги көрсөткүчтөрүнө жараша да бааланат. Билим сынашууда, эл аралык олимпиадада байгеге ээ болгон окуучулардын агай-эжейлерине сыйлык берилет.


Новости по дате