http://ktrk.kg/Кыргыз радиосунда "Кыргыз адабиятынын жумалыгы" өтүүдө

Кыргыз радиосунда "Кыргыз адабиятынын жумалыгы" өтүүдө

5 Окт , 22:31 25

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз радиосунда 30-сентябрдан бери "Кыргыз адабиятынын жумалыгы" өтүп жатат. Аталган иш-чара Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган. Жумалыктын негизги максаты - китептен, көркөм адабияттан алыстап бара жаткан жаш муунга адабияттын кайталангыс таасирин жеткирүү. Кыргыз радиосу бир апта бою угармандарга улуттук адабияттын бардык жанрларындагы уктурууларды тартуулашууда. Ошондой эле, акын, жазуучулар, котормочулар, сынчылар жана адабият таануучулар менен адабий процесс тууралуу ойлор ортого салынат.

"Адабиятчылар тарабынан көркөм адабияттагы учурдагы көйгөйлөрдү, жетишкендиктерди, жаңы көрүнүштөрдү, изденүүлөр жана кемчиликтер кызуу талкууланган программалар даярдалды. Жумалыкка адабияттын жаш өкүлдөрү даа активдүү катышып ой пикирлерин ортого салып, чыгармаларынан да окуп беришти",- деди КТРКнын "Кыргыз радиосунун" баяндамачысы  Элмира Ажыканова.

Новости по дате