http://ktrk.kg/Өлкөнү санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады

Өлкөнү санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады

6 Окт , 21:24 121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биз жашап жаткан интернет кылымында өнүгүп жаткан замандан артта калган жок болуп кетүү менен барабар. Нанотехнологиялык өнүгүү күнүмдүк көр оокатыбызга чейин кирип жатканда доор агымынан озуп жашабаса Улуу көчтүн чаңында кала берчүдөйбүз. Болбосо ири ишканалардан тартып чөнтөгүбүздөгү кол телефонго чейин санарипке өтүп, жашоо ирээтке түшүп жатканын моюнга алышыбыз парз. Күнүмдүк жашообуздагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баардыгы чекесинен заманбап технологияларга өтүп жатканда заман талабын илгиртпей кабыл алуу жана туура багытка салуу учур талабы. Ошондуктан быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү багытындагы керектүү чечимдерди кабыл алган жыл болду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн “Борбордук Азия санарип трансформациясы” аталышындагы Эл аралык конференцияда буга чейинки киргизилип жана иштеп жаткан эки долбоорго токтолду. 

Алар мекеме-ишканалар ортосундагы маалымат алмашуучу “Түндүк” автоматташтырылган системасы жана “Коопсуз шаар” долбоорлорундагы алгачкы ийгиликтер.Ошону менен катар президент Кыргыз өкмөтү тарабынан 2015-жылдан тартып башталган “Лицензияларды жана уруксаат берүүчү документтерди электрондоштуруу” толук кандуу ишке ашпай жатса “Энергетикалык карта” ойдогудай иштебегендигине токтолду. Комплекстүү алып караганда бүтүндөй санариптештирүү системасындагы алсыз звено катары аныкталган бул багыттар жаңыланып иштелип чыгуусу зарыл. Ал эми ушул эле долбоордун алкагында ишке киргизилип жаткан киберкоопсуздук системасы мамлекеттик мекемелерден тартып жеке интернет колдонуучуларга чейин коопсуздугун камсыздап, пайдаланууга ыңгайлуу болмокчу. 


Новости по дате