http://ktrk.kg/Чаңга сапырылган Ала-Тоо конушунун жолдору

Чаңга сапырылган Ала-Тоо конушунун жолдору

7 Окт , 17:04 50

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунун түптөлгөнүнө 30 жыл болду. Бул аралыкта жол менен мектеп салынганы болбосо, башка алгылыктуу иштер аткарылган жок, -деген конуштун тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Ала-Тоо конушунун ички жолдору өтө эле начар. Жамгыр жааганда баткак, ысыкта чаң сапырылат. Ал эми негизги жолу качан көрбө унаалар өткөндө чаң сапырылып эле жатат. Себеби ушул салынган жолдорубуздун тазаланганын көргөн жокбуз. Жолдун жээктери асфальтталган эмес, ошон үчүн унаалар өткөндө чаңга көмүлүп эле калабыз. Бүгүн мэрия келет дегенде мектепке чейинки жолду жууп кеттишти. Башка күнү мындай иштер аткарылбайт. Ушул 30 жыл аралыгында балдар ойноочу, спорттук аянтчалар салынган да жок. Айыл өкмөтүн иштегенин көргөн жокбуз. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп, ушул жолдорубузду карап койсо,- деген конуштун тургуну. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате