http://ktrk.kg/Баткенде алты адамдын өмүрүн алган кырсык катталды

Баткенде алты адамдын өмүрүн алган кырсык катталды

7 Окт , 21:31 89

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кырсыкка кабылып каза болгондор кенчилер. Алар Кадамжай жана Лейлек районундагы көмүр шахталарында газга ууланышкан. Мындан улам Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн, керек болсо катаал чараларды көрүүнү тийиштүү кызматтарга тапшырды.

Кадамжай районундагы 3 адамдын өмүрүн алган кырсык, техникалык коопсуздуктун сакталбагандыгынан улам келип чыккан. Мында кырсыкка кабылгандар өз билемдикке салып, шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз жол менен казышкан. Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы шахтада дагы 3 киши газга ууланып каза болгон. ӨКМдин тоо-кен куткаруу кызматына, жер астында 5 адам калганы боюнча маалымат түшөөрү менен ыкчам аракет көрүлгөн. Бирок куткаруучулар аларды алып чыкканда экөө гана эсинде болгон. Ал эми каза болгондор 3 бир тууган ага-инилер. Мында көмүр казуу лицензиясы бар ишкана тарабынан жүргүзүлүп келген. 




Новости по дате