http://ktrk.kg/Кыргызстан менен Азербайжан кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Азербайжан кызматташууну бекемдейт

7 Окт , 22:02 31

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы экономикалык жана гуманитардык алаканы арттырууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Жыйындын жыйынтыгы менен атайын документке да кол коюлду.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму беш жыл мурда болгон. Тараптар мындан ары алаканы арттыруу үчүн жолугушууларды тынымсыз уюштурууну максат кылып жатат. Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгын бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөр кеңири экени белгиленип, айрыкча соода-экономикалык байланыштын келечеги талкууланды.

Кыргызстан менен Азербайжандын жети ай ичиндеги товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 3 миллион 600 миң долларды түзгөн. Көпчүлүк талдоочулар муну өтө аз деп эсептешет.








Новости по дате