http://ktrk.kg/Алексей Федосеев дүйнө чемпионатынын мелдешине катышат

Алексей Федосеев дүйнө чемпионатынын мелдешине катышат

8 Окт , 10:12 21

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кикбоксинг боюнча кыргызстандык Алексей Федосеевдин профессионалдар арасында дүйнө чемпионатынын мелдешине катышуу датасы маалым болду. Мушкердин менеджери Айбек Мусаев билдиргендей, Федосеев 9-ноябрда Сеул шаарында Road FC 056 турниринде Кореянын спортчусу Го Ги Вон менен беттешет. 

Федосеев сентябрь айында мелдеш өткөрмөк, бирок анын каршылашы жаракат алганга байланыштуу беттеш болгон эмес. 28 жаштагы спортчу 2014-жылдын WAKO-PRO боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону, К-1 бөлүмүндө кикбоксинг боюнча Азия чемпиону жана 2017-жылы Түркмөнстандагы жабык бөлмөлөрдө Азия оюндарынын жеңүүчүсү аталган. 

Акыркы мелдешинде мушкер 2018-жылы Токио шаарында өткөн Shoot boxing S-cup (шууд боксиң С-кап) турниринде 65 кг салмактык категорияда Япониянын спортчусу Сузуки Шинджиге утулуп калган.

Новости по дате