http://ktrk.kg/ТИМ кыргыз жарандарын Дубайдын аэропортунда этият болууга чакырат

ТИМ кыргыз жарандарын Дубайдын аэропортунда этият болууга чакырат

8 Окт , 10:22 70

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирликтерине каттаган кыргыз жарандарын аэропортто этият болууга чакырды. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө Дубайдын аэропортунда соңку кездери бул өлкөдө тыюу салынган дары-дармекти, тактап айтканда, маңзат аралашкан "Лирика" препаратын мыйзамсыз алып кирүү фактыларына байланыштуу кыргызстандыктар кармалган учурлар көбөйүп жатканы айтылат.

“Аэропорттун коопсуздук кызматына жана бажычыларга кармалган кыргыз жарандарынын саны көбөйүп жатканына өзгөчө көңүл бурабыз. Сак болууга жана аэропорттон бейтааныш же шектүү адамдардан ар кандай конверт жана бандероль албоого чакырабыз. Эгер тыюу салынган буюм же зат табылса жоопкерчилик ошол жүктү ташып бара жаткан жарандын өзүндө болот” деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. "Прегабалин" же "Лирика" дарысы катуу ооруну басуу үчүн рецепт боюнча гана берилүүгө тийиш.

Новости по дате