http://ktrk.kg/Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн толук чечкен өлкө

Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн толук чечкен өлкө

8 Окт , 14:53 41

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн толук чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Бул туурасында Женевада өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгынын 70-сессиясында Жогорку комиссар Филиппо Гранди билдирди. 

Жыйынга Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеп барган. Айдарбеков отурумда белгилегендей, качкындар, аргасыз жер которгондор жана жарансыз адамдар көйгөйүнө Кыргызстан өзгөчө көңүл бурат жана бул багытта укук коргоо ыкмасы концепциясында негизделген системалуу жана үзгүлтүксүз иш жүргүзөт. 

Баяндамада айтылгандай, 2014-жылы иштеп баштаган БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарлыгынын алкагында Кыргызстан 13 миң 700 жарандыгы жок адамды тапкан, анын ичинде 2 миңи жаш балдар. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында беш жыл ичинде Кыргызстанда жарандыгы жок адамдардын саны 13 миңден нөлгө түшкөн.

Новости по дате