http://ktrk.kg/Айдоочуларды түйшөлткөн Жумгал—Кочкор унаа жолу

Айдоочуларды түйшөлткөн Жумгал—Кочкор унаа жолу

8 Окт , 14:49 647

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусундагы Жумгал—Кочкор унаа жолу өтө эле кейиштүү абалда. Бул жол менен жүргөн ар бир унаа оңдоого муктаж. Кочкорго чейин 80 км, мынтип оюлган жолдор менен 2 жарым саатта араң жетебиз. Жумгалдын ДЭУсунан өткөрүп алышкан эле, жол тейлөө мекемеси өз убагында түрттүрүп турабыз деп, мына түрттүрүлбөй эле жатат. Жол шифер төшөлгөндөй эле болуп калды. Жолдун начардыгынан унаа менен жолдо жүрүш кыйын эле болуп калды. Түндүк-Түштүк жолу оңдолуп жатат, азыркы убакта Дыйкандан, Кочкорго чейинки жол оңдолуп жатат. Бирок оңдолуп жаткан жол канаттандыралык эмес. Жогору жактагылар көзөмөлгө алып койсо жакшы болот эле,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате