http://ktrk.kg/Товарларды ыктыярдуу белгилөө пилоттук долбоору башталат

Товарларды ыктыярдуу белгилөө пилоттук долбоору башталат

9 Окт , 12:07 94

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-ноябрдан тарта бут кийим, алкоголдук ичимдик жана тамеки азыктарын ыктыярдуу белгилөө пилоттук долбоору башталат. Бул туурасында Экономика министрлиги билдирди. ЕАЭБде товарлардын өздүгүн белгилөө жөнүндө келишим ушул жылдын 29-майында күчүнө кирген.

Келишимде товарлардын түрүнө белгилөөнү киргизүүнүн тартиби бекитилген. Документке ылайык, Орусия тарап Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБ аймагында бут кийим, алкоголдук ичимдик, тамеки азыктары менен дары каражаттарына белги коюу сунушун киргизген. 

8-августтагы талкуудан кийин жогорудагы товардын түрүн өз өлкөсүнүн аймагында ыктыярдуу маркалоонун тартибин бекитип, убактысын аныкташы керек. Товарларды белгилөө мыйзамсыз соода менен күрөшүүдө эң жогорку каражат. 

Ошондуктан өкмөттүн токтому менен бут кийим, алколдук ичимдиктер жана тамеки азыктарын ыктыярдуу белгилөө 1-ноябрда, ал эми милдеттетүү түрдө белги коюу 2020-жылдын 1-июлунан тарта киргизилет. Товарларды белгилөөнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү менен салык кызматы алектенет.


Новости по дате