http://ktrk.kg/Бүгүн Бишкек-Ош ички аба каттамдары үзгүлтүккө учурады

Бүгүн Бишкек-Ош ички аба каттамдары үзгүлтүккө учурады

9 Окт , 11:54 64

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Бишкектен Ош шаарына барып, кайра келе турган алты каттам учпай калды. Ички каттамдардын аткарылбай калуусу техникалык себептерге байланыштуу экенин "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Air Manas" компаниясынын учактары Бишкектен 7:35те учуп чыкмак жана Оштон 9:50дө учуп келмек. Ошондой эле, Бишкектен 12:00дө учак учуп, Оштон 13:50дө учуп келмек. Дагы Бишкектен 19:00дө учуп, Оштон 18:10до кайтуучу рейстер аткарылбай калды.

Новости по дате