http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБи шаардыктарга жылуулук берүүгө даяр

Бишкек ЖЭБи шаардыктарга жылуулук берүүгө даяр

9 Окт , 16:43 70

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук берүү борбору шаардыктарга жылуулук берүүгө даяр. ЖЭБдин жамааты быйыл күз-кышка карата оңдоо жумуштарын эртелеп баштаган. Бул максатта бир катар көлөмдүү жумуштар аткарылды жана шаардыктарга кышкысын электр жарыгы, жылуулук жана ысык суу үзгүлтүксүз берилет деп убада кылышууда. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ЖЭБнин жылуулук берүү мезгилине карата камылгалары менен жеринде таанышты. Ошондой эле, шаардын четиндеги экинчи Жылуулук борборун ишке киргизүү каралууда.

Шаар калкын, мекемелерди жана социалдык объектилерди жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган Бишкек жылуулук берүү борборунун жамааты быйыл кыш камылгасын эртелеп баштап, мыктылады.

Жаңы блок менен кошо цехте оңдоо, эски жабдууларды алмаштыруу жумуштары ыкчам жүргүзүлдү. Жылуулукту тарата турган чоң цехтеги буу казандар, турбогенератор оңдолуп, бир буу казандан башкасынын баары ишке киргизилди. Аны ноябрь айына чейин оңдойбуз деп турушат.

Оңдоо жумуштары дээрлик аяктады. Болжол менен ноябрь айынын башында Бишкектиктерге жылуулук берилет деп турушат. ЖЭБдин жетекчилиги жылуулук берүү маалына толугу менен даяр жана электр энергиясы менен жылуулук кубаттуулугун үзгүлтүксүз камсыздай алат.

Бишкек жылуулук берүү борбору жылына бир жарым миллион тоннага жакын таш көмүр керектейт. Бул көлөм кыштан толук чыгууга жетет. Азыр кампада 140 миң тоннадай көмүр бар. Келишим боюнча жергиликтүү жана четтен келген көмүрлөр кампада. Ноябрга чейин 220 миң тонна алынып келет. Бишкек ЖЭБине келген көмүрдүн 740 миң тоннасын жергиликтүү көмүр компаниялары камсыздаса, калган 400 миң тоннасы сырттан импорт болот.

Быйыл кампага көмүр түшкөндө асманга сапырылган көмүрдүн чаңын жоё турган атайын заманбап жабдуу орнотулган. Бул экологияны сактоого абдан зарыл. Мындай телескопиялык жүктү түшүрүү жабдуудан бешөө орнотулду.

Премьер-министр жылуулук мезгилине чейин зарыл болгон даярдыктарды аяктоо тапшырмасын койду. Шаардын калкынын саны жылдан-жылга өсүп жатканына байланыштуу борбордун четиндеги экинчи Жылуулук берүү борборун ишке киргизүү учур талабы. Өкмөт башчы отуз жылдан бери иштебей токтоп турган ЖЭБ-2нин абалы менен да таанышып чыкты жана тиешелүү жетекчилерге бир айдын ичинде ЖЭБ-2нин тагдырын чечүү маселесин иштеп чыгып, Өкмөттүк деңгээлде чечим кабыл ала тургандай сунуш даярдоо тапшырмасын койду.

Бул максатта атайын жумуш тобу түзүлүп иш алып барат. Энергетиктердин ЖЭБ-2ге байланыштуу болжолдуу сунуштары бар. Анын эң эле ылайыктуусу жана каражатты аз талап кылганын Өкмөт башчыга сунуштайбыз деп турушат.

Экинчи Жылуулук берүү борбору 1993-жылы ишке кирген. Бирок 3 ай иштеп токтоп калган. Газ жана мазут менен иштей турган технологияда салынган. Ошол эле учурда ЖЭБ-2нин тегерегине миңге жакын турак жай түшкөн. Эми бир айлык мөөнөттө жумуш тобу бул маселелерди да жөнгө салат. 



Новости по дате