http://ktrk.kg/Жаратылыш парктары санариптештирилүүдө

Жаратылыш парктары санариптештирилүүдө

9 Окт , 23:00 21

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ала-Арча" жаратылыш паркынын кире беришинде автоматташтырылган көтөрүлмө тосмо жана электрондук терминалдар орнотулду. Мындай аракеттер коррупцияны алдын алып, эсепчилердин ишин жеңилдетет. Электрондук тутум иштеп баштагандан бери, бир айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 500 миң сомго көбүрөөк киреше түштү. 

Автоматташтырылган көтөрмө тосмону жана жаратылыш паркка кирүү үчүн төлөй турган терминалды орноткондон кийин ушул жылдын сентябрь айында 1 млн 700 миң сом түшкөн. Жаңы тутум колдонууга бир кыйла жөнөкөй. Жакынкы арада чет жерден келген туристтер жана эс алуучулар “Ала-Арча” эс алуу жайына кирүү үчүн банк карталары менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эс алуучулар “жаңы төлөм тутуму абдан ыңгайлуу, бир гана эс алуучу менен кызматкердин ортосундагы байланыш жок экенине көнүү зарыл” дешти.

Жаңы көтөрүлмө тосмо менен терминалдарды орнотууга болжол менен 8,5 миллион сом каражат жана үч жарым ай кетти. Жаратылыш паркынын директору Марат Касымбаевдин айтымында, орнотууга кеткен каражат бир жылдан кийин өзүн актайт.

Бул жасалып жаткан иштер аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашууда. Мындан сырткары, Транспорт жана жолдор министрлиги менен эс алуу жайынын биргелешкен аракети менен 9 чакырым жол оңдолгон. 



Новости по дате