http://ktrk.kg/Баткак жолдон түйшүк тарткан тургундар

Баткак жолдон түйшүк тарткан тургундар

10 Окт , 17:16 41

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө "Рыбзавод" деген аталышта жер бар, ал жерде 22 түтүн жашайбыз. Биздин көйгөй жолубуз өтө эле начар. Өзүңүздөр көргөндөй жамгыр жааганда мына мынтип балдарыбызды мектепке жеткире албай, унааларыбыз ылайга тыгылып калат. Тоодон кыян агып келип, жолубузду жаап калат. ӨКМдан жардам жок, канча кайрылдык. Рыбзаводко чейинки эле жолду жазап коюшат, калганы калат. Жолубузга шагыл төгүп, дамба куруп берсе деген үмүттөбүз. Жарык маселеси да курч. Таза суу жок. Малдар ичкен суудан ичебиз,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате