http://ktrk.kg/ЖККУ Кыргызстандын куткаруу кызматынын ишин жогору баалады

ЖККУ Кыргызстандын куткаруу кызматынын ишин жогору баалады

10 Окт , 22:52 94

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму Кыргызстандын куткаруу кызматынын ишин жогору баалады. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги отуруму Бишкекте өтүп, бир катар маселелер талкууланды.

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр коргонуу, аскердик багытта гана кызматташуу менен чектелбей, табигый кырсыктарды жоюуда да биргелешип иш алып барат. Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши отурумун 11-ирет өткөрдү. ЖККУнун 2011-жылы кабыл алынган өзгөчө кырдаалдарга жана техногендик кырсыктарга каршы биргелешип күрөшүү боюнча чечими өзгөчө мааниге ээ.  Отурумда 11 маселени кароо пландалган. Алар ЖККУнун өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташуусу, кадр даярдоо, техникалык жактан камсыз болуу өңдүү маселелер. Жыйында биргелешкен машыгууларды уюштуруу маселеси да каралды.

Мындан сырткары өсүп келе жаткан муунду өз коопсуздугун камсыз кылуу багытында тарбиялоодо да кызматташуу максат кылынууда. Уюмдун баш катчысы Кыргызстандын куткаруу багытындагы адистеринин кесипкөйлүгүн, аткарып жаткан иштерин жогору баалады.



Новости по дате