http://ktrk.kg/ "Санарип платформага" өтүүнүн бир мисалы "CARCHECK" тейлөө кызматы

"Санарип платформага" өтүүнүн бир мисалы "CARCHECK" тейлөө кызматы

10 Окт , 22:20 60

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 100гө жакын кызмат электрондук үлгүгө өтөт. Бул тууралуу маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. Айтымында мамлекеттик тейлөөлөрдү жеңилдетүү максатында бийлик менчик мобилдик тиркемелер менен кызматташат.Бишкектин жолдоруна байкоо камералары орнотулганы, "CARCHECK" аттуу тейлөө кызматы иштей баштаганы жалпыга маалым. Бул кызмат аркылуу унаа сатып алам деген жаран тиешелүу унаанын номурун киргизип, ал тууралуу бардык маалыматты ала алат. Алгач ирет мамлекеттик тейлөөлөр порталында жайгашкан бул кызмат эми башка менчик мобилдик тиркемелерге да кошулмай болду. Бул "Санарип платформага" өтүүнүн бир гана мисалы. Жалпысынан долбоордун алкагында 180ден ашуун мамлекеттик тейлөөлөрдү санарипке өткөрүү пландалууда. Маалымат базасын ачыкка чыгаруу - бул замандын талабы. 



Новости по дате