http://ktrk.kg/“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабында эки миң камера орнотулат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабында эки миң камера орнотулат

11 Окт , 16:25 20

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабында республика боюнча эки миң байкоо камералары орнотулат. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик агенттиги кабарлады. Кошумча камералардын пайда болушу менен Бишкек жана Ош шаарында 45 иш орундары түзүлүп, он бир кошумча башкаруу тутумдары ишке кирет. 

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабында Бишкек менен Чүй облусунда байкоо камералары коюлган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди "Shenzhen Sunwin" кытай компаниясы утуп алган. Бийлик өкүлдөрү белгилегендей, аталган ишкана баа жагынан да, колдонулган технологиялар жагынан да жакшы шарттарды сунуштаган.

Коопсуз шаар долбоорунун 1-этабы ийгиликтүү ишке ашып, жакшы натыйжасын берип жатат. Жол кырсыктары төмөндөп, киши өлүмү азайды. Буга байланыштуу "Коопсуз шаардын" экинчи этабын ишке ашырууга мезгил жетти. Аны баштоого кытай компаниясы менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык өлкө боюнча 360 аппарат сатып алынып, эки миңден ашуун байкоо камералары пайда болот,- деп билдирди Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров. 

Новости по дате