http://ktrk.kg/Таластагы токой чарбасынын 140 гектар аянтына көчөттөр отургузулат

Таластагы токой чарбасынын 140 гектар аянтына көчөттөр отургузулат

11 Окт , 17:20 33

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас районунда 2019-2021-жылдар аралыгында 140 гектар аянтка мөмө-жемиш берүүчү бактардын көчөттөрү олтургузулат. Бул аянттар райондун токой чарбасына таандык. Аны курчоо, бактарга кам көрүү үчүн атайын техника сатылып алынат. Бул иштер "Кыргызстандын экосистемасын интеграциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашууда. 

Бул долбоорго Дүйнөлүк банк тарабынан 482 миң доллар колдоо көрсөтүлүүдө. Долбоордун максаты - Кыргызстандагы токой чарбаларына таандык тилкелерди максаттуу пайдалануу жана токойлордун потенциалын жогорулатуу болуп саналат. 2017-жылы старт алган бул долбоордун алкагында токой чарбага быйыл 22 миңден ашуун алма, алмуруттун көчөттөрү тигилди. 

Андан тышкары, токойчулардын көчөттөрдү өстүрүү чарбасында 70 миңге жакын жаңы көчөттөр бар. Белгилей кетсек, чарбадагы өндүрүлгөн көчөттөрдүн ичинен Тянь-Шань көк карагайынын көчөттөрү республиканын аймактарына жана коңшу өлкөлөргө арбын сатылат.

Новости по дате