http://ktrk.kg/Умтул Орозова кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат

Умтул Орозова кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат

14 Окт , 17:36 41

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик телерадио комитетинин 1985-жылдагы төрайымы, мыкты телережиссёр, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Умтул Орозованы замандаштары, туугандары жана КТРКнын жамааты акыркы сапарга узатты. Коштошуу зыйнатында анын басып өткөн татыктуу жолу, кесипкөйлүгү, тажрыйбалуулугу жана адамдык бийик сапаты эскерилди.

Өзүнүн эмгекчилдиги, кесипкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн Умтул Орозова Кыргыз телерадиосун өнүктүрүүгө өмүрүн арнагандардын бири болчу. Акылына ажары айкалышып, төгөрөгү төп келген Умтул Орозова КТРдин босогосун 27 жашында аттаган. Ал кездеги комиттетин жетекчиси Асанбек Токомбаев кесипкөйлүгүн байкап, Орозованы 1967-жылы режиссёрлук кызматка алган. Сүйгөн кесибин ардактап берилүү менен иштегендиги үчүн мээнеткеч инсандын кызматтык даражасы уламдан-улам жогорулап отурган. Катардагы режиссёрдон Мамлекеттик телерадио комитетинин башчылыгына чейин жеткен. Ал телевидениенин материалдык-техникалык базасын чындоого, кадрдык дараметти өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.
Күчүн, акылын, билимин аябай калкына жан дили менен кызмат кылып, мыкты иштөөнүн үлгүсүн көргөзгөн Умтул Орозова СССР Жогорку Советинин депутаты, Жогорку Советтин Эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн мүчөсү болгон. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери болгон. Кийин Кыргызстан менен Росссиянын кызматташтыгын арттырууга кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Улуттук маданият менен журналисттер коомунун кабыргасын кайыштырып, калыстыгы, чынчылдыгы, боорукерлиги жана эмгекчилдиги менен журтунун эсинде калган Умтул Орозова 79 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Элинин сүйүктүү жана сүйкүмдүү кызын акыркы сапарга узатуу үчүн Умтул Орозованы баалаган замандаштары, мамлекеттик, коомдук, маданий ишмерлер, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, жакын туугандары, Кыргыз Телерадиокорпорациясынын жамааты жылуу сөздөрүн арнап татыктуу узатышты.

Тарыхта татыктуу орду бар үлгүлүү инсан, Мамлекеттик телерадио комитетинин мурдагы төрайымы, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Умтул Орозованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Өтөлгөлүү өмүр сүргөн өрнөктүү эжебиздин жаркын элеси кыргыз элинин жана кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат.


Новости по дате