http://ktrk.kg/Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

14 Окт , 17:34 100

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 13-октябрда Жайыл районундагы Бүбүсара кичи маркетинин тушунан 15:40 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Жашы 30-35 чамасындагы жигитти катуу келе жаткан "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Жабырлануучу  "Тез жардам" кызматы келгенче окуя болгон жерден каза болду. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате