http://ktrk.kg/Өзгөндүн Прогресс айылында тигүү цехи ачылып, 60 жумуш оруну түзүлдү

Өзгөндүн Прогресс айылында тигүү цехи ачылып, 60 жумуш оруну түзүлдү

15 Окт , 15:28 27

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн элет аялдарынын эл аралык күнү. Соңку учурда аймактарда аялдардын социалдык абалын жакшыртып, гендердик тең укуктуулукту камсыздоо максатында бир топ иштер аткарылып келет. 2 миңдей адам жашаган Өзгөндүн Прогресс айылында жыл башынан бери кыз-келиндер үчүн 60 жумуш оруну түзүлгөн. 

Сыртка жумуш издеп чыгып кеткендердин катарында, 5 баланын энеси Өзгөндүк Гүлбарчын Көчөрова да болгон. Чеберчилик менен алектенген тургун, чет жакта жүргөн 10 жылдык өмүрүнүн 5 жылын Орусиядагы текстиль фабрикаларынын биринде өткөргөн. 2 айдан бери айылында үй-бүлөсүнүн жанында. Элет жеринде ишке кирген чакан цехке тигүүчү болуп орношту. Аны айылдык тургун иштетет. Азыр мында жергиликтүү 30 кыз-келин эмгектенүүдө. Жумушка кабыл алынгандардын көпчүлүгү буга чейин эч жерде иштебегендер.
Кыска убакыттын ичинде, цех туруктуу кардар тапканга да жетишкен. Өнүмүн Бишкек менен Орусияга жөнөтөт. Мезгилге жараша берилген буйуртма менен иш алып барат.
Күрмө таңгакталганга чейин, аны формасына чыгаруу үтүкчүдөн көз каранды. Айтууга оңой болгону менен, ар бир иштин түйшүгү бар. Бектурсундун айтымында, кандай гана жумуш болбосун, анын аял же эркек кишиге таандык экендигинде эмес, ак эмгек, бешене тер менен аткара билүүдө.

Прогресс айылында жыл башынан бери, кыз-келиндер иштей турган 60тай жаңы иш оруну ачылган. Мунун теңин, аталган айылда биринчи ирет иштеп баштаган муниципалдык шарттагы бала бакчага жумушка орношкондор түздү. 




Новости по дате