http://ktrk.kg/Президент эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

17 Окт , 11:11 39

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 17-18-октябрда мамлекет башчысы Жалал-Абад облусуна барат.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. 

Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат. Ошондой эле Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.




Новости по дате