http://ktrk.kg/Япониядагы "Хагибис" бороону 77 кишинин өмүрүн алды

Япониядагы "Хагибис" бороону 77 кишинин өмүрүн алды

17 Окт , 11:16 30

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Япониядагы "Хагибис" бороону 77 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлап, 10 кишинин дайыны чыкпай жатканын, 340тан ашык адам ар кандай жаракат алганын маалымдады.

12-октябрда күчөгөн «Хагибис» бороону Жапониянын Тынч океандын жээгиндеги негизги бөлүгүнө, Хонсю аралына апаат алып келди. Курман болгондордун жана жабыркагандардын көбү Фукусима жана Мияги аймактарында. Издөө, куткаруу иштерине 110 миңден ашуун адам катышууда. 

Арасында өлкөнүн коргонуу күчтөрүнүн аскерлери да бар. Буга чейин тайфундун курмандыктары 73 адам деп айтылган.

Новости по дате