http://ktrk.kg/Айдаркен: шаар ичиндеги таштандылар качан тазаланат?

Айдаркен: шаар ичиндеги таштандылар качан тазаланат?

17 Окт , 15:37 80

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айдаркен шаарынын шаар болуп түзүлгөнүнө быйыл 7 жылдын жүзү болду. Эми көп нерсе өнүгөт десек, андай болгон жок. Зарыл ишин болбосо Зардалыда эмне бар, дегендей, биздин ЖКнын депутаттарынан дайын жок, эмки жылы шайлоодо көрөбүз деген үмүттөбүз. Жергиликтүү депутаттарыбыздан деле дайын жок. Президенттин 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деген жарлыгын биздин жергиликтүү депутаттарга жеткирип койсоңуздар. Жок дегенде ушул сасып жаткан таштандылардан арылтып берсе жакшы болот эле. Ушул маселе тууралуу, бир канча жолу кайрылсак деле майнап чыкпады. Ушул тташтандыларды мэриянын жумушчулары тазалайбы же шаарыбыздагы "Коммунальщик" акционердик коому тазалайбы? Ушуну эртереек чечип, кардын астында кала электе тазалап беришсе жакшы болмок,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, "Элдик репортер" рубрикасына Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате