http://ktrk.kg/Өкмөт ЕАЭБтен унаага бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылат

Өкмөт ЕАЭБтен унаага бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылат

18 Окт , 11:15 70

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз өкмөтү Евразия биримдигине транспортко жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылууну пландаштырууда. Маселе Парламенттин талкуусуна алынды. Белгилей кетүүчү жагдай ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынып келген, авто унааларды жол- жоболоштурууда эч кандай маселе болбойт. Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирет. 

2020- жылдын 1- январында Кыргызстандын автотранспортко болгон бажы алымдарынын жеңилдиктери токтойт. Буга байланыштуу ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн автотранспортту алып кирип, бажылык жол жоболоштуруу 10 эсе кымбаттайт. Мындан улам, өлкө ичинде карапайым калктын чөнтөгүнө чак келген автомашинанын баасы кымбаттай тургандыгын  авто сүйүүчү Канат болжолдоп жатат.

Ошентип  автотранспортко бажылык жол жоболоштуруу келишимине ылайык, 2020- жылдан тартып жогорулатылган тариф чыкканына 5 жылдан ашык автотранспортко тийиштүү болот. Авто керектөөчүлөрдү дүрбөлөнгө салган бул маалымат жакында парламентте да талкууланды. Депутат Табылды Тиллаевди жеңилдиктин мөөнөтү узартылаар - узартылбасы кызыктырды.

Бул күндөрү Кыргыз өкмөтү жылдын аягына чейин ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселеси менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө кайрылууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров “Биринчи радиого” билдирди. Кадыров  ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынып келген, авто унааларды жол-жоболоштурууда эч кандай маселе болбой турганын кошумчалады.

Мамлекеттик салык кызматынан билдирген маалыматтарга ылайык, 2016-жылы республикада 489 автомобиль  катталса, 2017-жылы анын саны 867ни түзгөн. 2018 – жылы 7 792 автотранспорт, ал эми быйылкы жылдын 8 айында эле бул сандар 15 миң 128ге өскөн. Ал эми өкмөттүн ЕАЭБтен жеңилдикти узартуу өтүнүчү колдоо табабы. Аны убакыт көрсөтөт.

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Новости по дате