http://ktrk.kg/Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү

18 Окт , 13:46 73

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

19-Октябрь социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү. Майрамды утурлап уюштурулган салтанатта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Социалдык фонддун жана кесиптик кошуундардын алдыңкы кызматкерлери сыйланышты. Аземге өкмөт башчысы баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Мен ушул тармакка 29 жашымда келип, 18 жыл үзүрлүү эмгектендим. Сиздер калктын аярлуу катмары менен иштеп, аларга камкордук кылган кызматкерлерсиздер. Ар бириңиздерден өзгөчө эмгек талап кылынат. Ошол кызматыңарды татыктуу аткарып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мамлекет социалдык тармакка, калктын аярлуу катмарын коргоого, пенсия, жөлөк пулга ж. б. социалдык жардамдарга 50 миллиард сом жумшап жатат. Бул чакан бюджетибизди эске алганда, дал ушул багытка өзгөчө көңүл буруп жатканыбыздан кабар берет,- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Новости по дате