http://ktrk.kg/Сот укук реформасынын алгачкы жыйынтыктары

Сот укук реформасынын алгачкы жыйынтыктары

18 Окт , 23:15 103

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдөгү сот укук реформасынын алкагында, 2019-жылдан тарта беш кодекс ишке кирген. Азыркы учурда алар толук кандуу иштеп жатат. Быйыл сот тутумуна бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйтүлүп, ага сот залдарына аудио жана видео жабыктары орнотулууда. Ошондой эле, бузуулар кодексинин негизинде пробация институту ишке кирген. Кийинки жылдан тарта сот арачылары институту иштей баштамакчы.

Жаңы беш кодексти иштеп чыгуу сот укуктук реформасынын алкагындагы негизги этаптардын бири. Ушул жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык, тергөөчү судья институту ишке киргизилди.

2019-жылы сот укук реформасынын негизги бөлүктөрү ишке киргендиктен, сот тутумуна бөлүнгөн каражаттын көлөмү да көбөйтүлгөн. 2016-жылдан бери сот системасынын бюджети дээрлик 1 млрд сомго көбөйдү. 

Азыркы учурга карата өлкө аймагындагы жалпы сот залдарынын теңинен көбү аудио жана видео көзөмөл менен жабдылды. Мындай ыкма сот процесстеринин жүрүшүнө карата карапайым калк тарабынан айтылып келаткан дооматтарды жокко чыгарды. 

Жыл соңуна чейин бардык сотторду компьютер менен камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Аны менен кылмыш иштерин судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүп берүү эрежеси ишке кирмекчи. Жүрүп жаткан сот-укук реформасынын алкагындагы иш-чараларга эксперттик жумушчу топ маниторинг жүргүзүүдө. 25 кишиден турган адистер жыл ичинде дээрлик бардык облустарды кыдырып чыгышты. 

Сот укук реформасынын алкагында 2020-жылдан тарта сот арачылар институтун ишке киргизүү пландалууда. Ал алгач Бишкек жана Ош шаарларында райондор аралык соттордо иштеп баштайт. Азыр имараттарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп, талапкерлерди тандоого даярдыктар көрүлүүдө. 



Новости по дате