http://ktrk.kg/Президент С.Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти

Президент С.Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти

20 Окт , 20:38 59

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.


Новости по дате