http://ktrk.kg/Красноярсктагы кырсыкка байланыштуу Жээнбеков Путинге көңүл айтты

Красноярсктагы кырсыкка байланыштуу Жээнбеков Путинге көңүл айтты

21 Окт , 9:40 34

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

«Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү боюнча каалоолорумду жеткирип коюңузду өтүнөм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп айтылат Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Новости по дате