http://ktrk.kg/Абылгазиев: "Электромобилдерди колдонууда Кыргызстандын лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар"

Абылгазиев: "Электромобилдерди колдонууда Кыргызстандын лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар"

21 Окт , 13:59 140

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Электромобилдерди колдонуу боюнча аймактык лидер болуп калуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргызстанда кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди. Электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонуу тууралуу буйрукка жакында эле кол коюлган. 

Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу чараларын киргизүү аркылуу, өлкөдө электромобилдерди колдонууга жагымдуу шарт түзүү жана электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын ээлери үчүн экономикалык жана социалдык жактан пайдалуу болуусуна багытталды. Өкмөт башчынын белгилөөсүндө, дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда. Буга байланыштуу бул жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары карылышы керек.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин айтып, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй, мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды. Эми күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби - бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. - Көмүр суутектүү заттынжана газдын олуттуу корунун жоктугун эске алуу менен, экологиялык транспортко багытталган жана электромобилдерди бардык жерде колдонууга өтүүгө умтулуу стратегиялык максат болуп саналат. Бул экологияны сактоо жагынан алып караганда, өлкөнүн энергетикалык көз карандылыгын тең салмактайт жана төмөндөтөт. Ошол эле учурда бизде электр энергиясынын тарифи эң эле төмөн, бул электромобилдероди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Новости по дате