http://ktrk.kg/Талды-Суу: жасалган жолдун четтери талкаланып жатат

Талды-Суу: жасалган жолдун четтери талкаланып жатат

21 Окт , 17:38 50

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы жолуна жакында эле асфальт төшөлгөн. Азыркы учурда жолдун четтери жасалбай турат. Акча бөлүнбөй жатат, деген шылтоо менен иш токтоп калган. Жолдун жээктери жасалбаганын себебинен, оор жүк ташыган унаалар чекеси менен киргенде, асфальтты талкалап жатышат. Жол жээгинде таштар чачылып жатат. Кыш жакындап калды, кар түшөт, жол тайгак болот. Ушул бойдон калып калабы? 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате