http://ktrk.kg/Профсоюз көчөсүндөгү жолдо жол чырагы жок, кырсыктар катталууда

Профсоюз көчөсүндөгү жолдо жол чырагы жок, кырсыктар катталууда

21 Окт , 18:04 34

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүндө жол өтө эле кооптуу болуп турат. Себеби жолдо унаалар тынымсыз жана катуу айдап өтүшөт. Зебраны көзгө да илишпейт.  Жол чырагы орнотулган эмес. Бул жолдон жол кырсыктары да катталып турат. Мектеп окуучулары да ушул жолдон өтүп, мектепке барышат . Кечээ жакында эле бир баланы унаа сүзүп кетип, оор абалда ооруканага жеткирилген. Былтыр да бир кызды сүзүп, ал каза болуп калган. Тийиштүү органдар көзөмөлгө алып, жол чырагын орнотуп беришин суранабыз,- деген шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате