http://ktrk.kg/Ак илбирс байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылышы болду

Ак илбирс байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылышы болду

23 Окт , 17:08 138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте ак илбирс жана ал байырлаган аймакты чагылдырган эстеликтин ачылыш аземи болду. Ал Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидро-энергетика инситутунун алдына орнотулду. Саамалык ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, Германиялык “NABU” уюму тарабынан колдоого алынган. 

Эмгек белгилүү скульптор Марлен Бакачиевдин колунан жаралган. Автор аска-тоолорду байырлаган ак илбирстин айланасындагы аймакты чыгармачылык менен чагылдырган. Анда ак илбирстен башка тоо-текелери, коен жана суурдун айкели кошо камтылган.


Новости по дате